Шамиль Атаханов камерада жуурканы жок, чыптамачан түнөгөн
Убактылуу кармоочу жайга камалган экс-вице-премьер милизия кызматкерлерине дооматын айтты
«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалган экс-вице-премьер Шамиль Атаханов аны камерада жалгыз чыптамачан кармаган милиция кызматкерлерине арызданды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына бүгүн мурдагы чекистти көрүүгө барышкан Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери маалымдады.
- Шамиль Атаханов арызында ага карата кыйноолор болбогонун, бирок укуктук бузуулар орун алганын жазган, - деп билдиришти алар. - Камакка алуу токтомун ал 21-майда алган. Анын айтымында ал ага чейин эки жолу инфаркт болгондуктан, медициналык күбөлөндүрүү өткөрүүнү сураган. Бирок, укук коргоочулар анын бул өтүнүчүн көз жаздымда калтырышкан. Атахановдун туугандары ага кечээ кийим-кечээ өңдүү жеке буюмдарын берип жиберишкен, бирок камерага аларды бүгүн гана алып келип беришиптир.
Экс-вице-премьер убактылуу кармоочу жайдын камерасында жууркан болбогонун айтты. Мындан сырткары, ага дары-дармек берүүдөн да баш тартышкан.
Зулайка Эркимбаева
Фото www