Дастан Догоев Мамлекеттик байланыш комитетинин башчылыгына сунушталды
МККнын мурдагы башчысынын талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысынын кызмат ордун МККнын мурдагы башчысы Дастан Догоев ээлеши мүмкүн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына МТБМКдагы булактар билдирди.
Белгилүү болгондой анын талапкерлигин премьер-минист Мухаммедкалый көрсөткөн.
Эскерте кетсек, кечээ Байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз