Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Турсунбек Акун: Мени жакында эле Батукаевдин иши боюнча үчүнчү жолу суракка чакырышкан

 Экс-акыйкатчы тергөөнүн жашыруун сырларын тарата албаганын тактап кетти

Укук коргоо органдары бир ай мурда КРнын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акунду «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча беш саат бою суракка алышкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

- Укук коргоо органдары суракка чакырышат, - деди ал. - Бирок, мен өзүм дагы тергөөгө колдоо көрсөтүүдөмүн. Биз тергөөнүн жашыруун сырларын таратпоо туурасында документке кол койгонбуз. Бир айдан ашык убакыт мурда мен беш саат бою сурак бергем. Жакында эле мени укук коргоо органдарына үчүнчү жолу чакырышты. Алар мени суроо пайда болсо эле чакырышат. Батукаевди эркиндикке чыгарып жиберген чечимдерди кабыл алчу мамлекеттик орган бар. Омбудсмен - өз пикирин билдирчү көз карандысыз институт. Айтылган сөздөр үчүн акыйкатчы жоопкерчилик тартпайт. Батукаевдин иши боюнча бир катар камакка алуулардан кийин бардыгында атайын кызмат эми кимди кармайт деген суроо турат.

Турсунбек Акунович кримтөбөлдүн чуулгандуу бошотулушунда анын күнөөсү жок экендигин дагы бир ирет баса белгилеп өттү.

- Менин бул жерде күнөөм жок, - деди Акун. Мен бошотуу тууралуу чечим кабыл алган эмесмин. Оор илдет менен жабыркаган адамды бошотуш керек деген сөзүм үчүн мен алчумду алдым. Батукаевди бошоткон 22 адамдан мен гана «жаза» алдым - мени жумуштан алышты. Мындан сырткары, акыркы алты жылдан бери мени болушунча каралап келе жатышат. Эми аны Орусияга жиберүү жөнүндө чечимди кабыл алгандардын кезеги. Экс-президент Атамбаевдин макулдугу жок эч ким жасалма диагноз кое алмак эмес. Сот Жапар Эрматов бошотуу жөнүндө чечимди, ал эми ЖАМКнын кызматкерлери Батукаевди бапестеп трапка чейин алып барышмак эмес.

Эскерте кетсек, 2013-жылы Нарын шаардык соту дарыгерлердин корутундусунун негизинде Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн эрте бошотуу туурасында чечим кабыл алышкан. Ошол эле күнү ал Бишкектен Орусияга учуп кеткен. Бул абдан чоң коомдук резонансты жаратты.

2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө кайра козголгонун билдирген. Мындан кийин онколог дарыгер Эмиль Макимбетов камакка алынган. Аны «кримтөбөл айыкпас ооруга чалдыккан» деген жасалма маалымкат берген деп айыпташууда. Макимбетовдон кийин дагы үч дарыгер камакка алынган. Андан соң иштин алкагында мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жана ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кармалышкан. Өткөн жумада Азиз Батукаевдин иши боюнча мурдагы ички иштер министри, ЖКнын депутаты Зарылбек Рысалиев суракка алынды. Бүгүн убактылуу кармоочу жайга экс-вице-премьер Шамиль Атаханов киргизилди.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх