Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев отставкага кетти

 Министр өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кетүү боюнча арыз жазды

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев өз ыктыяры менен кызматынан кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мукашевди өзү берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго сунуш киргизди.

Эскерте кетсек, буга чейин Айыл чарба министрилигин ишмердүүлүгү бир катар сынга кабылып келген. Ал эми бир нече күн мурда Нурбек Мурашев «Кара көлөч» антисыйлыгынын сап башына илинген.

Бул премияны бизнес тармактан жана топ-менеджерлерден 50 дөн ашык өкүл кирген «Бишкек ишкерлер клубу» уюштуруп келет. Жыл сайын уюштуруучулар өздөрүн мыкты көрсөтө алган аткаминерлерге «алтын кол алышуу» ыйгарып келишет. Ал эми «кар көлөч», тескерисинче, ишин жөндөй албаган чоңдорго берилет.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх