Кытай түрмөсүнөн Бишкекке кыргызстандык жаран алынып келди
Кытай бийлиги Үрүмчүдө КРнын жаранын өткөрүп беришти
Кытайдан ал жактагы түрмөдө узак мөөнөткө эркинен ажыратылган кыргызстандык жаран Бишкекке алынып келди.
Аны Кыргызстандын жаза аткаруу мамлекетинин өкүлдөрүнө өткөрүп берүү жол-жобосу 23-май күнү КРнын Кытайдагы элчисинин катышуусунда өттү.
КРнын ТИМнин, Башкы прокуратынын, ЖАМКнын жана Кытайдагы КРнын элчилигинин бирдиктүү аракетинин негизинде кыргызстандыкты өлкөгө өткөрүп берүү келишими ишке ашкан.
Буга чейин, 15-майда Кытайдын абактарында узак мөөнөткө эркинен ажыратылган Кыргыз Республикасынын эки жараны алынып келгени маалымдалган эле.
КРнын ТИМнин Маалымат департаменти
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз