Кызматтан кеткен Нурбек Мурашев жогорку кан басымы менен ооруканага түштү
Мурдагы айыл чарба министри кызматтан кетүүгө көптөн бери камданып жүргөнүн ачыктады
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди өз каалосу боюнча ээлеген кызматынан бошотту.
- Мындай чечимди кабыл алышым керек болорун көптөн бери ойлонуп жүргөм, -деп билдирди Vesti.kg сайтына Нурбек Мурашев. Бул чечимди бир-эки күн мурда эле кабыл алган жокмун. Ден-соолугумда көйгөйлөр бар эле (жогорку артериялык кан басымы). Өткөн жумада эле дарыланайын деп ойлонуп баштагам. Арыз жазып дароо ооруканага кеттим. Азыр менин абалым туруктуу. Дарыланып жатам. Жеке бизнес менен алектенсем деп турам.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз