Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

VIP-автобустун салонуна таң берген кыргызстандыктарды, анын ичинде ЖКнын депутатын интернет колдонуучулар күлкүгө алды (видео)

 Мекендештерди автобустун заманбап ички жасалгасы таң калтырды

Интернетте жеке учактын салонун элестеткен автобуста тартылган видео тарап жатат.

VIP-класстагы автобустун ичинде тартылган видеодо ЖКнын депутаты Алтынбек Сулаймановду дагы байкоого болот. Ошондой эле, интернет колдонуучулары алдыңкы орунда отурган кишини КМДБнын башчысы Максат ажы Токтомушев деп божомолдошууда.

Мындан сырткары, Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары видеонун катышуучуларынын кийип турган салттуу араб кийимдеринен окуя Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жатканын болжошту.

Кыргызстандыктар автобустун ички жасалгасына таң беришкенин жашырбаган мекендештеринин ошол жердеги абалын күлкү келерлик деп табышты.

«Экскурсияга барган балдардай», «Байкуштар десе! Аларды жеке учакка бекер түшүрүп коюшуптур, жок дегенде өздөрүн карманып отурбай.. бардыгын тартышып!!», - деп жазышкан алар.

 

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх