Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дамир Мусакеевдин жардамы менен мыйзамсыз батир алган УКМКнын кызматкерлеринин тизмеси

Башкы прокуратура Атамбаевдин мурдагы жансакчысынын кылмыш иши боюнча кенен түшүндүрмөсүн жарыялады

Башкы прокуратура УКМКнын 9-Башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевдин кылмыш иши боюнча кенен маалыматтарды таратты.

Мусакеев УКМКнын 9-Башкармалыгын жетектеп турган 2016-2017-жылдар аралыгында аталган кызматта иштеген өзүнүн санаалаштарынын кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалы менен кыянаттык пайдаланып, КРнын Турак-жай кодексин одоно бузуу менен, жалпы кезекти эске албай, кызматтык турак-жай алуу үчүн көптөн бери кезектин биринчи сапарында турган башка кызматчылардын укугун бузуу менен жогоруда айтылган кезектин акыркы орундарында тургандарга батирлерди мыйзамсыз негизде бөлүштүргөн деп айыпталган.

Ал эми, Турак-жайдын 43-беренесиндеги шарттарга ылайык, турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын каттоосунда турган жарандарга турак-жай кезекке карабай жана алдыңкы кезекте турак-жай алууга укугу бар адамдардан башкаларга жалпы кезектин негизинде берилет деп жазылган.

Мындай мыйзамсыз түрдө ал 15 кызмат батирин бөлүштүрүп берген, анын ичинде мурда батир алган үч кызматкерге кайрадан турак-жай берилип калган.
Мусакеевдин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында турак-жай менен алдыңкы кезекте камсыз болууга чындыгында муктаж 9-башкармалыктын 18 кызматкери батир албай калган. Муну менен алардын мыйзам тарабынан корголгон укуктары одоно бузулган.

Мындан сырткары, бул мыйзамсыз иш-аракеттер мамлекеттик бийликке көлөкө түшүрүп, жарандардын мыйзамдуулук меен социалдык калыстыкка болгон ишеними жоголгон.

Аталган факт жабырлануучулардын арызынын негизинде УКМК тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүлөрдөн кийин аныкталган.
2018-жылдын 27-ноябрында Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жыйынтыгында 2019-жылдын 7-февралында Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы Дамир Мусакеевге Кылмыш-жаза кодексинини 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) кылмышка шектүү катары каралып жатканы боюнча билдирүү жөнөткөн.

Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Первомай райондук соту анын бөгөт чарасын карап, шарттуу аймактан чыкпоо талабын койгон.

2019-жылдын 12-февралында кылмыш иши Свердлов райондук сотуна кароого жөнөтүлгөн.

2019-жылдын 2-апрелинен 24-майга чейин сот тарабынан 10 соттук отурум өткөрүлүп, 49 күбө, 18 жабырлануучу жана жабырлануучунун бир өкүлү, ошондой эле Мусакеев өзү суралган. Кылмыш ишинин материалдары тыкыр иликтенип чыккан.

Соттук отурумдарда катышкан күбөлөр - 9-Башкармалыктын турак-жай комиссиясынын төрагалары менен мүчөлөрү кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү Мусакеевдин жеке көрсөтмөсү менен жана анын басымы алдында жүргүзүлгөндүгү боюнча көрсөтмөлөрүн толук далилдешкен.

Соттук отурумда суралган 18 жабырлануучу Мусакеев тарабынан алардын алдыңкы тизме менен кызматтык турак-жай алуу боюнча укуктары одоно бузулганын тастыкташып, буга байланыштуу, ага карата негиздүү дооматтаргаы бар экенин, анын дарегине багытталган өздөрүнүн айыптоолорун толук колдошоорун белгилешип, соттон Мыйзам алкагында ага катуу кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранышты.

Жабырлануучу катары соттук отурумдарда суралган УКМКнын өкүлү - М.Б дагы Мусакеевдин дарегине айыптоосун толук колдоп, анын Турак-жай кодексин одоно бузганын белгилеген.

2019-жылдын 24-майында Свердлов райондук соту Дамир Мусакеевди күнөөлүү деп таап, 700 эсептик көрсөткүч айыппул менен 5 жылга эркинен ажыратып, ал сот залында камакка алынган.

Кызматтык батирлерди мыйзамсыз алган УКМКнын кызматкерлеринин тизмеси:

1. Н.С. (эки жолу, тизмеде №135-кезекте турган);
2. Т.С. (9-Башкармалыкка тиешеси жок);
3. Р.Т. (9-Башкармалыкка тиешеси жок);
4. В.В. (кезекте №294-орунда турган);
5. И.А. (кезекте №253-орунда турган);
6. Э.К. (эки жолу кезекте №157-орунда турган);
7. И.В. (кезекте №153-орунда турган);
8. Т.Д. (кезекте №106-корунда турган);
9. Т.Ж. (кезекте №56-орунда турган);
10. Т.А. (кезекте №98-орунда турган);
11. Т.Б. (кезекте №86-орунда турган);
12. У.Б. (эки жолу кезекте №143-орунда турган;
13. А.Б. (кезекте №60-орунда турган);
14. Д.З. (кезекте №94-орунда турган);
15. Ж.Б. (кезекте №121-орунда турган);

Кезектегилердин тизмесинде туруп, бирок кызматтык батир албай калган кызматкерлердин тизмеси:
1. Э.О.;
2. Н.Д.;
3. У.Ш.;
4. А.В.;
5. Б.К.;
6. Р.З.;
7. А.М.;
8. Ч.А.;
9. А.А.;
10. Д.А.;
11. Т.Н.;
12. М.М.;
13. Т.Т.;
14. А.С.;
15. Т.С.;
16. М.Б.;
17. А.Ж.;
18. А.Н.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх