Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан кетип, туура кадам жасады»

 Муну менен бирге экс-президенттин чоң саясаттагы «алтын жылдары» артта калды деген ойлор да жок эмес

Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан кеткени, демек - өз коопсуздугу жөнүндө кам көрүп баштаганы. Мындай оюн Vesti.kg сайтына саясат таануучу Кубат Султанбеков билдирди.

- Экс-президенттин тарапташтарына куугунтук болуп жатканын көрүүдөбүз, андыктан, ага партиянын лидерлигине башка кишини дайындоодон башка аргасы жок калды, - деп белгиледи ал.- Азырынча КСДП мындан алсырап калдыбы же тескерисинче күчтөндүбү айтууга кыйын. Бул шайлоонун алдында гана түшүнүктүү болот. Бирок, бул саясий бирикме дагы элек бийликтин партиясы деген атка ээ. Эл КСДП эмне экенин билет жана ал жакта кандайдыр-бир терс процесстер жүрүп жатканын көпчүлүккө түшүндүрүү да кыйын.

Ал ортодо башка саясат таануучу Аркадий Гладилов Алмазбек Атамбаев партиядагы мүчөлүгүн токтотуп, туура кадам кылды деген ойдо.

- Экс-президент туура кадам кылды, бирок саясий бирикмеден ал мурда эле чыгышы керек эле, - деди эксперт Vesti.kg менен болгон маегинде. - Мүмкүн ошондо азыркы президент менен пикир келишпестиктер чыкмак эмес. КСДП ичиндеги бөлүнүүнү дагы. Атамбаев партиясын сактап кала алмак. Азыр болсо, шайлоонун алдында «социал-демократтар» «ревизия» кылып, партиянын мүчөлөрүн тактоо боюнча олчойгон жумуш аткарышы керек.

Аркадий Аркадьевич экс-президенттин чоң саясаттагы убакыты артта калганын кошумчалады.

- Чындыкты кабыл алыш керек, анткени, каалаган саясатчынын «алтын доору» 65 жашка чейин жүрөт, - деп белгилеп өттү ал. Андан кийин окутуучулук же башкабир нерсе менен алектенүү зарыл. Саясат көп күчтү алат. Ал эми ар бир саясатчыга кол тийбестикти сактап калуу абдан маанилүү. Эгерде мурдагы өлкө башчы мындай чечим кабыл алса - ал туура ой жүгүрткөн.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана курамынан кеткенин маалымдаган.

Экс-президент партиянын башчылыгынан Кыргыз Республикасынын «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын жакында күчүнө кире тургандыгынан баш тарткан. Анткени, анда мурдагы өлкө башчы, эгерде чоң саясатта калып, мамлекеттик кызматтарга талапкерлигин көрсөтө турган болсо, анда ал кол тийбестик жана башка артыкчылыктардан ажырайт деген толуктоолор киргизилген.
КСДПнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Асель Кодуранова бекиди.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх