Атамбаев Мусакеевдин кийин жеке күзөтүн кимге ишенет али чече элек
КСДПда экс-президент эркинен ажыратылган жансакчысынын ордуна башканы алабы-жокпу азырынча билишпейт
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Дамир Мусакеевдин камакка алынышынан кийин жеке күзөтүнө жаңы башчы алууну али ойлоно элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
- Азырынча коопсуздукту УКМКнын 9-башкармалыгынын кызматкерлери гана камсыз кылууда, - деп түшүндүрдү ал. - Алмазбек Шаршенович Мусакеевдин ордуна башка киши алабы-жокпу азырынча белгисиз.
Ал ортодо УКМКНын басма сөз кызматы «Мамлекеттик кайтаруу жөнүндөгү» КРнын мыйзамына ылайык, кайтаруу президентке, Жогорку Кеңештин спикерине, премьер-министрге, Жогорку соттун төрагасына, экс-президентке, ошондой эле өмүрү менен ден-соолугуна коркунуч жаралган болгон учурда ЖКнын депутатына жана Кыргызстанга келген чет мамлекеттин башчыларына, өкмөт башчыларына жана делегацияларга кайтаруу берилет.
«Буга байланыштуу КРнын экс-президенти А. Атамбаевдин коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин саны мурдагыдай эле калды», - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, УКМКнын 9-Башкармалыгынын башчысы, Атамбаевдин жеке жансакчысы Дамир Мусакеев жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынган.
Зулайка Эркимбаева
Фото www