Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев «Финполдун» башчысына Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү тапшырды

Премьер Бакир Таировду «Раим-миллионго» байланыштуу толук маалыматты коомчулук менен бөлүшүүгө чакырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЭКККМК башчысы Бакир Таиров менен экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөштү күчтөндүрүү чараларын талкуулады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды.

Жолугушуу учурунда ЭКККМК ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн учурдагы жыйынтыктары, ошондой эле жакынкы мезгилдерге артыкчылыктуу пландары талкууланды.

ЭКККМК төрагасы Бакир Таиров өлкөнүн мамлекеттик органдарында көрүлүп жаткан экономикалык кылмыштарды ачуу жана коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча чаралар тууралуу маалымдады.

Ошондой эле өкмөт башчыга экономика жана финансы тармактарында кызматтык кылмыштардын алдын алуу, жоюу жана бетин ачуу чаралары тууралуу маалымат берилди.
Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу жана тамырын кыркуу боюнча коюлган милдеттерге жетишүү үчүн ЭКККМК, анын аймактык түзүмдүк бөлүктөрү тарабынан бардык чаралар көрүлүүгө тийиш.
Өкмөт башчы экономикалык жана кызматтык укук бузуулар деңгээлин төмөндөтүү иштерин күчөтүүнү, экономикалык кылмыштарга өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды четтетүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев бажы органдарында коррупцияга каршы аракеттерге, аткезчилик жана көмүскө импорт менен күрөштү күчөтүү чараларына өзгөчө көңүл бурду.

Премьер-министр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү маселесин козгоп, аны текшерүү процессин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырды.

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх