Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«ТИМде «парашютист» Эдил Байсаловду жактырышпайт»

 Байсаловго Улуу Британиядагы Кыргызстандын элчилик кызматы Атамбаевди такай сындап жүргөнү үчүн берилди деген ойлор бар

Улуу Британиянын Кыргызстандын элчиси кызмат ордуна Эдил Байсаловдун талапкерлиги дипломатиядагы башка кадрдык чечимдергесалыштырмалуу анча деле начар эмес. Мындай оюн Vesti.kg сайтына КРнын ТИМнин алдындагы Дипломатиялык академиянын мурдагы проректору, профессор Кайрат Осмоналиев билдирди.

- Байсаловдун сунушталышында кандай болбосун негиз бар, анткени, ал саясатка 2000-жылдардын башында эле келген, - деп тактап өттү Кайрат Медербекович. -Ал президенттин «мээримине» ээ саясий дайындалуучулардын - «парашютисттердин» категориясынан. Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө бар. Эдил Байсалов көпчүлүккө экс-президент Алмазбек Атамбаевди такай сындап келгени менен белгилүү. Ушунусу менен эми кызматка жетти көрүнөт.

Ал Эдил Байсаловдун ысымы бир нече жолу чыр менен байланышканын да эскертип өттү.

- Ал тургай ал өлкөдөн качып кетүүгө да мажбур болгон, - деп белгиледи Осмоналиев. Бирок, ал акыры акылга толуп, мындайын кайталабайт деп ишенем. Анткени, ал эми дипломатиялык этикага баш ийиши керек. Байсаловго аппараттан ойлонулбаган иштерди жасаганга жол бербечү команда коюп беришсе керек.

Ал ортодо, коомдук ишкер,ТИМдин мурдагы кызматкери Адиль Турдукулов Эдил Байсалов дипломатиялык вазийпаны аткарууга күчү жетет деген ойдо.
- Байсалов мол саясий тажрыйбага ээ, - деди активист Vesti.kg сайтына. - Ал революциянын активдүү катышуучусу болгон, Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеген. Ошондой эле, ал чет өлкөдө жашап, тил билет, бул жакшы артыкчылык.

Турдукулов Эдил Байсаловдо дипломатиялык тажрыйбанын жоктугу анчалык чоң кемчилик эместигин айтып өттү.

- Буга чейин президент биздин өлкөдө «парашютисттер» болбошу керек деген, бирок, Байсаловго байланыштуу ал туура чечим кабыл алды деп ойлойм, - деп сөзүн улантты Турдукулов. - Бирок, Эдилге эскертип коеюн, ТИМде аны бардыгы жактыра бербейт. Ал буга даяр болушу керек. Элчи ал президентке баш ийип, мыйзам алкагында гана иштеши керектигин унутпаш керек.

Бирок, бардыгы эле КРнын Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы элчисине көрсөтүлгөн талапкерликти оң кабыл алышкан жок. Мисалга, КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков чет өлкөдө иштечү дипломаттарды кандай принциптердин негизинде тандоо керектиги жөнүндө президенттин сөздөрүн эскертип өттү.

«Жакында эле, жаңылбасам, СЖШ дипломаттар күнүндө элчилерди дайындоодо «парашютисттер» тажрыйбасын кескин токтотуу керектигин айткан эле. Байсалов качантан бери ата-тегинен бери дипломат болуп калды экен? Же «парашют» принцибинин ага тиешеси жокпу?», - деп жазган Карыпбеков социалдык тармакта.

Тактай кетсек, буга чейин Сооронбай Жээнбеков Эдил Байсаловдун талапкерлигин Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчилигине сунуштаган. Жогорку Кеңештин профилдик комитети бүгүн бул талапкерликти колдоп берди.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх