Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар кыргызстандыктардын ишеничин актаган жокпу?

«Биздин өлкөдө биринчи орунда баягы эле бизнес кызыкчылыгы турат жана жакынкы жылдары өзгөрүүлөрдү күтпөй деле койсо болот»

Элдин тандоосуна ишениш керек. Vesti.kg сайтына бул пикирин кечээ депутат Мурадыл Мадеминов билдирди (КСДП).

Ал өз саясий эркин билдирүү маселесинде кыргызстандыктардын жылдан жылга жоопкерчилиги артып бара жатканын айтты. Эгерде эл президенттикке болобу, депутаттыкка болобу тигил же бул талапкерге колдоосун билдиришсе - демек ал чынында эле учурда өлкөгө керек киши. Ал эми жоопкерчилик жүгү талапкерди кылын кыйшатпай, адал иштөөгө түртөт дейт парламент өкүлү.

Төрт жыл мурда, 2015-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоодон кийин Жогорку Кеңеш жаңы курам менен чогулган. 14 партиядан парламентке болгону алтоо өткөн: КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен».

Ага чейин болсо алардын бардыгы кызуу үгүт иштерин жүргүзүп, жашообузду жакшы нукка бура алчу мына биз деп көкүрөк кагып,  кыргызстандыктарды ишендирүүгө болгон аракетин көрүп жатышты. Бирөө ишенди, кимдир-бирөө - жок. Тандоо, бирок акыры жасалды. Ошол депутаттар элдин ишеничин актай алдыбы?

Аз сүйлөп - көп иште

2017-жылы «Интербилим» эл аралык борбору парламентке өткөн партиялардын ичинен убадага эң бай «Бир Бол» болгондугун изилдеп чыккан. Анын аркасында «Ата Мекен», анан КСДП, «Кыргызстан» жана «Республика – Ата-Журт» турушкан.

Жалпы жонунан шайлоо алдындагы үгүт мезгилинде 745 жазуу түрүндө убада айтылган дейт «Интербилим».

Бирок, тагдырдын тамашасыбы, айтор, дал ушул «Бир Бол» партиясы изилдөө жүргүзүлгөн убакытка чейин (2017-жыл) эң аз убадасын ишке ашырган да партия болуп чыккан - болгону 33 пайыз. «Республика – Ата-Журт», мисалга, ал маалга өз программасынын 65 пайызын ишке ашырганга жетишкен.

Борбордун адистеринин пикиринде убадалардын аткарылбаганы бир четинен башында эле алардын абстракттуу, ишке ашыруу жолдору анык жазылбаган аныктамалары маселелердин оң чечилишин жокко чыгарып койгон.

Атап айтсак, мындай убадаларга «жарандардын кирешесин 2 эсеге көбөйтүү», «жумушсуздукту 8 пайыздан 5 пайызга чейин азайтуу» жана «350 миң жаңы жумуш ордун түзүү» кошсо болот.

Politmer.kg сайтында дагы Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттарынын шайлоо алдындагы убадаларынын аткарылышы боюнча статистика жүрүүдө. Ал жерде 745 эмес, болгону 54 билдирүү камтылган, бирок, абдан кызык тандалмалар чогултулган.

Эмне аткарылды?

Эгерде «Интербилимдин» 2017-жыл боюнча иликтөөсүндө ошол убакытка чейин парламент өкүлдөрү өз убадаларынын  42 пайызын аткарышканы жазылган болсо, Politmer белгилегендерден 2019-жылдын майына чейин болгону 37 пайыз аткарылган, башкача айтканда, 20 пункт.

Айтылгандай эле: Чыныбай Турсунбеков (КСДП) убада кылгандай, азырынча эч ким Кыргызстанга Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга тоскоол болуп жаткан жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинде, убагында «Ата-Мекен» убада кылган ооруканаларда бейтаптардын электрондук карталары туурасында отчетторду беришүүдө, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев айткан Дароот-Коргондогу жаңы оорукана салынды.

Оң рулдуу таксилерге тыюу алынып салды, Чоң-Алайда спортттук стадион менен кирпич заводу, ошондой эле Нарындагы Ж.Шералиев атындагы шаардык балдар искусство мектебинин жаңы имараты салынып, жеткиликтүү турак-жай боюнча мамлекеттик программа кабыл алынды. Бирок, албетте, акыркысы дагы эле аксап, дегеле «иштеп жатат» деп айтууга өтө кыйын.

Башка,  айы жергесине инвестиция тартуу боюнча мыйзам,чакан жана орто ГЭСтерди курууга жол ачкан  мыйзам жана жеңилдетилген ипотекалык кредиттөө жөнүндө мыйзам кабыл алынып, Бишкекте жаңы көрсүтөн үчүн жер бөлүнүп берилди.

Учу-кыйры жок процесс

«Процессте колонкасында 5 пункт белгиленген, алардын айрымдары таң каларлык.

Мисалы, «Кыргызстан» фракциясынан депутат Нурбек Алимбеков киреше үчүн экологияны унутпоо зарыл деген. Унутпаш эми оңой да, ал чын эле унутпай эле болсо керек. Сайт аны бул боюнча 2037-жылга чейин ойлонсо болорун белгилеген.

Чыныбай Турсунбеков (КСДП) тоо-кен тармагындагы көрсөткүчтү үч эсеге көтөрүүнү убадалаган. Азырынча тоо-кен тармагындагы эксперттердин бул көрсөткүчтөргө ичи жылыган жок, бирок, анткен менен, партияда 2020нын аягына чейин убактылары бар.

Ошондой эле КСДП менен «Республика - Ата-Журт» медициналык камсыздандыруу системасын реформалап, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде заманбап жабдуулар менен медициналык шаарчаларды курган жатышкан эле, бирок бул багыттагы ишке да баа берүүнү 2020-жылга чейин калтырса болчудай.

Жагымсыз статистика

53 пайыздан ашыгы - 29 пункт - аткарылбай калган.

Биринчиден, Алмазбек Эргешбаев менен жалпы «Кыргызстан» партиясы убада кылганы менен депутаттар баары бир өз артыкчылыктарынан баш тарта алышкан жок. Игорь Чудинов («Бир Бол») сөз бергендей, министрликтердин санын 16дан 9га чейин кыскартууну ишке ашыруу мүмкүн болбоду.

Экинчиден, мурдагы спикер Асылбек Жээнбековдун (КСДП) «2020-жылга чейин конституцияга тийбөө» убадасы, биз билгендей, убада бойдон эле калды.

Тоо-кен тармагы боюнча: Миң-Куш шаарынын өндүрүшүн жандандыруу («Кыргызстан» партиясынын убадасы) жана глауконит чыгарган заводдун курулушун баштоо («Бир Бол») да оңунан чыккан жок. КСДП «2016-жылы куйма темир заводун ишке берүүгө болгон аракетти көрөбүз» дешти эле. Аракет көрүшсө көрүшкөндүр, бирок, завод азыркыга чейин жок.

Бул «Талас облусун 42 пайызга чейин газ менен камсыздоо» убадасына да (Чыныбай Турсунбеков, КСДП), «Гүлчө-Кара-Кулжа» жолун куруу маселесин көтөрүүгө да (КСДП), «Каинди кабелдик заводун ишке берүү боюнча чараларды көрүүгө» (Игорь Чудинов, «Бир Бол») да, «Чолпон-Ата-Алматы канаттык жолун куруу долбоорун ишке ашырууга жетишүүгө» да, ошондой эле мамлекеттин экономикасын жандандыра турган «Калк-Казына» МАКнун түзүүгө да тийиштүү (Бакыт Төрөбаев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери) да тийиштүү.


Социалдык тармакта КСДП «мугалимдердин эмгек акыларынын көтөрүлүшүн камсыздоону» убадалашкан эле. «Бир Болдун» убадалары даректүүрөк болчу: Мыктыбек Абдылдаев милиция кызматкерлеринин эмгек акысы үч эсеге көтөрүлөт десе, мугалимдерге партия жок дегенде 30 миң сом айлык аласыңар деп көңүлдөрүн жубаткан. «Өнүгүү-Прогресс» айылдагы мугалимдер да кеминде 300-400 доллар алышат дешкен эле.


КСДП сөз берген «ар бир айылдагы жолдор», «ар бир аймактагы калыбына келтирилген маданият үйлөр» дагы деле жок. Бирок, негизи эки жыл мурда (2017ге чейин) жок болушу керек болгон өлкөдөгү авариялык абалдагы мектептер дагы эле бар.

«Ата Мекенде» медицинага сарпталган каражатты ВВПнын 2.7 пайызынан 7 пайызга чейин көтөргөнү жатышты эле, учурда бул көрсөткүч дагы деле 3 пайыздан көтөрүлгөн жок.

«Өнүгүү-Прогресс» өлкөнүн ар бир облусунда «жаңы профессионалдык текхникалык мекемелер» менен «социалдык азык-түлүк дүкөндөрүн» ачмакчы болду эле, бул деле убада бойдон кала берди.

Заманбап бала бакчалардын түйүнү менен Кара-Суу районундагы тигүүчү фабрика («Кыргызстан») жок. Ипотекалык кредиттөөнүн мөөнөтү 7 жылдан 20 жылга көтөрүлөт деп кыргызстандыктар азыр деле күтүшүүдө.

Майда-чүйдөлөрдөн бир учкай: ар бир облуста Акысыз юридикалык кеңеш берген борборлордун (Канатбек Исаев, «Кыргызстан») ачылышын, Оштогу Түштүк улуттук телерадиоберүү борборунун түзүлүшүн («Бир Бол») жана муниципалдык кумарканалардын (Акылбек Жапаров, «Бир Бол») ачылышын да азырынча көрө элекпиз.

«Жакынкы жылдары өзгөрүүлөрдү күтпөй эле койсо болот»

Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинин эл аралык укук кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев бул статистикасыз деле VI чакырылыштын парламенти элдин ишеничин актабагын түшүнсө болот.

Ал парламент өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруучулук жана көзөмөл кылуучу функцияга ээ экенин Vesti.kg сайтына эскертип өттү.

- Жогорку Кеңеш элдин өкүлү да. Ал эми депутаттар азыр элдин кызыкчылыгын коргоп жатабы?, - деди эксперт. - Алар өздөрүнүн кызыкчылыктарына пайдалуу мыйзамдарды кабыл алып, мыйзам чыгаруучулук функциясын аткарып жатышат. Көзөмөлдөөчүлүк боюнча болсо, алар кантип өкмөткө көзөмөл кылып жатышат? Учурда биздин министрлер кабинетинин иштеп жатканынан эл өкүлдөрү вазийпасын аткарып жатышкан жок деген тыянак чыгарууга болот.

Көз карандысыз саясатчы Чынара Эсенгул Vesti.kg сайтына VI чакырылыштагы парламент кандай болоору башында эле белгилүү болчу - анткени Жогорку Кеңеште эл тандаган инсандар эмес, өз партияларынын эле өкүлдөрү отурбайбы дейт.

- Парламенттин натыйжасыздыгынын  объективдик факторлору биздин жаш өлкөдө мамлекеттик кызыкчылыктар приоритеттүү катары азырынча калыптана электигинде, - деп түшүндүрдү ал. - Бизде биринчи орунда дагы эле бизнес кызыкчылыктары турат. Жана жакынкы жылдары бул боюнча өзгөрүүлөрдү күтпөй деле койсо болот.

Парламенттеги адамдардын басымдуу көпчүлүгү анын ою боюнча дал ушундай. Мына ошол үчүн депутаттар Кыргызстан умтулган парламенттик башкаруу формасы аларга аныктап берген - өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн жарчысы болуу ролун аткара алышкан жок.

- Алардын ишинин де-юре жана де-факто жыйынтыктарында чоң айырмачылык бар, - деди эксперт. Депутаттар көпчүлүгүндө жеке бизнесинин максаттарына жетүүнү көздөшөт. Бардык эле жердегидей, алардын арасында депутаттык вазийпаны туура аткаргандар бар, бирок алар өтө аз.

Калк парламент өкүлдөрүнө ишенбейт, деп эсептейт. Саясатчы буга таң калуунун кереги жок дейт



Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх