Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Карамушкина бийликке Атамбаев менен кантип күрөшүү керектигин айтып берди

 Парламент өкүлү өлкө бийлигине экономика менен шаарлардын өнүгүшүнүн үстүндө иштөөнү сунуштады

КСДП партиясынын мүчөлөрүнүн камакка алынышы соттук системанын өз билемдигинен кабар берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Өз сөзүндө эл өкүлү кесиптештерине азыркы күндө демократиялык институттун кыйрап жатканына көңүл бурууну өтүндү.

- Бийликтин мыйзам чыгаруучу органдарына кайрылып жатам, анткени, мыйзамдардын кабыл алынышы менен алардын аткарылышына көзөмөл кылуу жоопкерчилиги дал ушул депутаттык корпустун мойнунда. Бул жерде жалаң жогорку билимдүү саясатчылар отурат жана алар өлкөдө эмне болуп жатканын эң сонун билишет, мен эч кимге эч нерсе үйрөтөйүн деген жокмун. Эң негизгиси - парламент өкүлдөрүнүн бардыгына үнсүз макул болуп, өз ыңгайлуулугун сактоо аракетинен өлкөдө эки президенттин командаларынын ортосунда эле күрөш эмес, бүтүндөй мыйзамдуулук системасына каршы күрөш жүрүүдө. Жасалма айыптар менен улам бирөөнү камакка алып, Атамбаевден өч алам дегендер жаңылышат. Алар демократиянын негиздерин бузуп, соттук системанын кыйрашына алып келишти, анткени, азыр соттор тапшырманы гана аткарып калышты.

Муну менен бирге Карамушкина өлкөнүн жетекчилиги экс-президент Алмазбек Атамбаев менен кантип күрөшүшү керектигин да айтып берди.

- Атамбаев менен экономикада, инвестицияда эң мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, эң жакшы үйлөрдү куруп, шаарларды бакка айландырып жиберип күрөшкүлө. Ошондо силер андан жакшы иштээриңерди көрсөтөсүңөр,- деди ал.

Сөзүнүн жыйынтыгында депутат УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, Атамбаевдин жеке жансыкчысы Дамир Мусакеевдин камалышы буйрутмалык болгонун баса белгиледи.

- Мурда эң көп болсо кызматтан алып, комиссия текшерчү эле. Эч кимди камашчу эмес, -деп сөзүн бүтүрдү эл өкүлү.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх