Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга бензиндин ар бир 4-литри аткезчилик жолу менен келет

 Депутат Жанар Акаев мыйзамсыз ташылган күйүүчү майга каршы кантип иш жүргүзүш керектигин айтып берди

Контрабанда менен келген күйүүчү майдын айынан Кыргызстандын бюджетине жылына 5 миллиард сомдон ашык акча түшпөй калып жатат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев айтып чыкты.

Анын айтымында, азыркы күндө өлкөгө бензиндин ар бир 4-литри аткезчилик жолу менен келет.

- Каржы полициясы, чек ара кызматы, салык кызматы, экономика министрлиги жана өкмөт биригип, товарлардын контрабандысына каршы эч нерсе кыла алышпасын далилдешти, - деди эл өкүлү. Өткөн жылы мамлекеттик бюджет 6.5 миллиард сомго аз болуп калды. Бүгүн дарыгерлер айлык акыларын көтөрүүнү талап кылышууда,,мектептер менен бала бакчалар авариялык абалда, жолдор жок.. Мына ушул көйгөйлөрдүн бардыгын биз акчанын жоктугунан чече албай отурабыз. Мына ушундай шарттарда анан Кыргызстанга келген күйүүчү майдын 25 пайызы контрабанда менен келет.

Акаев Токмокто аткезчилик менен келген күйүүчү майлар ачык эле көчөлөрдө канистраларга куюлуп сатылып жатканын белгиледи.

- Өкмөт ушунун бардыгын көрүп туруп, эч нерсе кылбай жатканына уяласың, - деп кошумчалады ал. Башка өнүккөн өлкөлөрдү айтпай эле коеюн, бирок коңшу Тажикстан, мисалы, өткөн жылы онлайн автоматизация системасын киргизип, муну менен бюджетке түшкөн акчаны 70 пайызга көтөрө алган. Биз болсо ушуну да кыла албай отурабыз.

 

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх