Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тилек Токтогазиев ага сунушталган айыл чарба министринин орун басары кызматынан баш тартты

Айыл чарба министрлигинин жаңы башчысы Эркинбек Чодуев жаш ишкер чакырган дебатка келбей койгон

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев жаш ишкер, мекеменин башчылыгына өзү менен кошо талапкер болгон Тилек Токтогазиев менен өтө турган дебатка коркконунан келбей койду. Бул пикирин Vesti.kg сайтына ишкер өзү билдирди.

-Эркинбек Чодуев дебатка келген жок, - деди. ал. -Ал коркуп койду. Мен аны өзүнүн программасы менен жана өнүгүү стратегиясы менен келип, коомчулук эки талапкерге өз баасын беришин каалаган элем.
Токтогазиевдин айтымында министрдин орун басарлыгында туруп кардиналдык реформаларды жасоо кыйын, ошондуктан ал сунушталган бул кызматтан баш тартты.

-Биз көргөзмө реформаларды эмес, чыныгыларды өткөрүшүбүз керек, - деп белгиледи ишкер. - Министрдин орун басары чоң өзгөрүүлөрдү кыла алгыдай вазийпаларга ээ эмес. Эгерде Чодуев министрдин орун басары болуп иштеген беш жылда бир дагы реформа жасабаса, анда эмнеге алар мага бул орунду сунуштап жатышат?

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Эркинбек Чодуевди айыл чарба министри кылып дайынддоо туурасындагы жарлыкка кол койду.

Эскерте кетсек, Токтогазиев жакында эле Чодуевди дебатка чакырып, аны айыл чарба тармагында жаралган кризиске айыптаган. Өкмөт башчы Токтогазиевдин талапкерлигин «жетиштүү тажрыйбасынын» жоктугунан жактырган эмес.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх