Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрлердин начар иштешине фракциялык квоталаштыруу тескери таасирин тийгизүүдөбү?

Депутаттар сунуштаган талапкерди өкмөт башчысы жактырбай койгонго акысы бар,- деп билдирди Феликс Кулов

Өкмөткө тажрыйбасыз жана билими тайкы адамдар келбеши үчүн, талапкерлер гана эмес, партиялар дагы программасын даярдашы керек. Премьер – министр Феликс Кулов Vesti.kgге ушундай пикири менен бөлүштү.

Айта кетсек, мындан мурда парламентте министрлик кызматтарга жаңы талапкерлерди талкууга алышкан. Жыйындын жүрүшүндө депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңеш фракциялык квоталаштыруудан баш тартуу керектигин билдирген.

Алтыбаеванын пикиринде, учурдагы система өкмөттүн курамына тийиштүү тажрыйбасы жок жана билими тайкы адамдардын келишине жол ачты.

- Өкмөт башчы сунушталган талапкерден баш тартууга акысы бар экендиги тууралуу, мен коалицияны жетектеп турганда ага кирген партиялар бардыгы макулдашууга кол коюшкан. –деп белгиледи Кулов. –Фракциялар сунуштаганга укугу бар – биз парламенттик республикабыз. Бирок, акыркы чечимди өкмөт башчы кабыл алышы шарт. Эгерде талапкер бекитилип калган болсо, министрлер кабинетинин башчысы фракциянын жактыруусу жок эле, министрди кызматтан алууга мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бирок, ал бул тууралуу мурдатан эскертүү берип, андан кийин гана кызматтан ала алат.

Ал депутат учурунда, министрликке талапкерлер так эмнелерди жасайт жана ишке ашырат, алар жөнүндө программасын сунушташы керектигин белгилеген вариант да сунушталганын Феликс Шаршенбаевич кошумчалады.

-Ошондо биз Конституцияга барып такалып калганбыз, анда минтип жазылган, өкмөт башчысынын кызматтан кеткенинен 25 күндүн ичинде жаңы өкмөт башчынын ордуна талапкер көрсөтүлүшү керек, -деп белгиледи ал. – Ошол эле убакыттын ичинде өкмөт башчынын кызматына талапкер өзунүн программасын, өкмөт түзүмүн жана өкмөттүн курамын даярдоого милдеттүү. Ушул эле мөөнөттө комитеттер да өз иштерин жүргузүшү керек. Бирок, 25 күндүн ичинде мунун бардыгын жасаш өтө кыйын, жыйынтыгында, программа жетишерлик даярдалбаган болуп чыгат. Мындайлардын болуп кетпеши үчүн, дагы бир жол катары – алардын таанышуусу жана өз көз караштарын чагылдырышы үчүн белгилүү бир убакытка өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлерди милдетин аткаруучу кылып туруу зарыл.

Программаны даярдоонун маанилүүлүгү, дал ошол программа боюнча өкмөт өзүнүн аткарган иштери боюнча отчет бере ала тургандыгында – деп белгиледи Кулов.

-Ал эми саясий партияларга тиешелүү, алар дагы эмне жасай тургандыктары жөнүндө, ошол эле учурда фракциялардын министрлер кабинетинде өз талапкерлери боло тургандыгы тууралуу так түшүнүктөрү болушу керек, - деди ал.

 

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх