Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

МСК Матраимовдордун фонду берген байгеден салык төлөндүбү-жокпу билбейт

Депутат Дастан Бекешев «бул маселе салык кызматынын башчысын чочутуп жиберди окшойт» деп социалдык тармакка жазды

ЖКнын депутаты Дастан Бекешев бүгүн Twitter социалдык тармагындагы жеке баракчасында 28-майда өткөн ооз ачарда ал Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаровго «Матраимовдордун фонду берген байгеден киреше салыгы төлөнгөнбү?» деген суроосун  узатканын жазып чыкты. Парламент өкүлү «суроом салык кызматынын башчысын чочутуп жиберди окшойт» деген.



Vesti.kg салык кызматынын башчысы жыйынтыкта Бекешевге ал кандай жооп бергенин билүү үчүн Абжапаров менен байланыша албады. МСКнын басма сөз кызматы дагы кызматкерлеринин бошобой жатканына шылтап, бул суроо боюнча маалымат бере алган жок. Бизди кызыктырган суроолор боюнча алар маалыматты редакциянын расмий өтүнүчүнөн кийин гана бере алышарын белгилеп, ошол эле маалда жоопту даярдоо убакыт талап кылаарын эскертип өтүштү.



Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх