Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

  Рыскелди Момбеков: Фарид Ниязов «партия» деген сөздүн «п» тамгасына дагы татыбайт

 Ошол эле маалда КСДПнын саясий кеңеши депутат болгону оппозияцияда калган партиядан чыгуунун амалын издөөдө деп шек санашууда

Дал ушул Фарид Ниязов үчүн Алмазбек Атамбаевдин Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Текебаев менен мамилеси бузулуп калган. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков бөлүштү.

- Мен саясий кеңештин курамына Фарид Ниязовду кайра кошууга каршы болгонумдун себеби - дал ошол адамдын сунушу боюнча мени буга чейин саясий кеңештен чыгарып коюшкан эле, - деп белгиледи ал. -Ал тургай Кыргызстандын азыркы саясий абалы толук бойдон Фарид Абилезимовичтин кылганы. Ошонун кеңештерин угуп отуруп Алмазбек Атамбаев акыры Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Текебаев менен урушуп кетти.
Рыскелди Чыныбекович партиянын лидеринин милдетин аткаруучу Асель Кодурановага Ниязовду саясий кеңештин курамынан чыгаруу боюнча арыз менен кайрылганын кошумчалап өттү.

- Мен аны менен жанаша отуруп иштей албайм, - деди ал. - Бирөөбүз кетишибиз керек. Эгерде ал кала турган болсо, анда мен саясий кеңештен чыгам. Бирок, партиядан кетпейм, анткени «партия» деген сөздүн бир тамгасынын да Фарид Ниязовго караганда мааниси чоң.

Ал ортодо «социал-демократтардын» саясий кеңешинин башка мүчөсү Адиль Турдукулов Рыскелди Момбеков оппозицияда калганына өзүн ыңгайсыз сезип, ошон үчүн КСДПдан кетүүнүн амалын издеп жатат деп божомолдоду.

- Момбеков өз сын-пикирлерин Фарид Ниязов бийликтер турганында айтпаганы абдан кызык, - деди ал Vesti.kg сайтына. Же болбосо түшүнбөстүктү элге жарыялабай өз ара чечип алса болот эле. Анткени, партия этикасы деген түшүнүк бар да. Фарид Ниязов саясий кеңешке жакында эле кайрадан шайланды. Ал жыйында Момбеков жок болчу. Ага чейинки да саясий кеңештин бир нече жолугуушусуна келген эмес беле.

Турдукулов Ниязовдун тарабын колдоорун кошумчалады.

- Момбеков начар оюнда өз кадырын сактап калгысы келип жаткандай, - деп сөщүн жыйынтыктады ал. - Балким, биз бул маселени келерки бир жыйындарда көтөрүп чыгабыз. Бирок, жалгыз ал үчүн чогулбайбыз деле го.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх