Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте «Коррупция менен чыныгы күрөш үчүн!» митинги өтөт

Укук коргоочу коррупцияга каршы иштеген мекемелер казынадан акча чыгарып кеткен схемаларга көңүл бурбай жатышанын кескин сынга алды

Келерки жумада Бишкекте «Коррупция менен чыныгы күрөш үчүн!» урааны менен митингдин өтүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

- Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөштө түшүнүктөр алмашып жатат. - Мисалга, УКМК Каттоо кызматынын жетекчилерине иш козгоп, тендерге эч кандай тиешеси жок болсо деле, паспорттордун мыйзамсыз берилиши жөнүндө айтып жатышат. Ошол эле маалда АКК казынадан акча чыгарып кеткен татаал схемаларды ачыктаган журналисттердин иликтөөсүнө көңүл бурбай келет. Эгерде биз азыр буга көз жумсак, мамлекеттин акчасы дагы деле уурдала берет.  

Рита Рахмановна уюштуруучулар  жайкы эс алууга чейин өткөрүүгө ниет кылып жатышканын белгиледи.

- Бийлик көп маселени күзгө калтырышы мүмкүн, бирок ал маалда шайлоого даярдык көрүлө баштап, коррупция менен күрөшүү унутулат, - деди ал. Көйгөйдү учурунда чечиш керек. Биздин чакырыгыбызды эл колдоого алат деп ишенем.



Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх