Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгерлерди колдогон акциялардын аркасында Абылгазиевдин тууганы турабы?

 Депутат Строкованын айтымында Таалайгүл Сабырбекова Саламаттыкты сактоо министрлигинин «серый кардиналы»

Депутат Евгения Строкова, парламентте сүйлөгөн сөзүндө «Эргене» коомдук фондунун төрагасы Таалайгүл Сабырбекова Кыргызстандын премьер министри Мухаммедкалый Абылгазиевге туугандык катыштыгы бар. Муну менен бирге парламент өкүлү Сабырбекованын Улуттук онкологиялык борборунун Камкордук кеңешинин өкүлү экенин, бул мыйзамга туура келбестигин билдирдиги. Депутаттын айтымында Азиз Батукаевдин иши боюнча камакка алынган дарыгерлерди (Эмиль Макимбетов жана Ирина Цопова) колдоо митингилеринин аркасында да дал ушул айым турат.

«Бул акциялардын уюштууруучуларынын бири «Эргене» фонудунун төрагасы Таалайгүл Сабырбекова. Ал Саламаттыкты сактоо министрлигин өзү билгендей калчап, өзүнүн кишилерин жумушка алат экен. Бизде эмне күйөөсү «серый кардинал »болсо, аялы дагы Саламаттыкты сактоо министрлигинде ошондой болуп алыш керекпи?» — деди эл өкүлү.

Vesti.kg бул боюнча өкмөттүн басма көз кызматына кайрылды.

- Таалайгүл Сабырбекова чындыгында эле премьер-министрдин бир тууган жеңеси болот, - деп маалыматты алар тастыкташты.

Эскерте кетсек, буга чейин өкмөт премьер-министрдин туугандарынын тизмесин алардын ишмердүүлүктөрү менен кошо жарыялаган эле. Ал жерде Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баңгизаттардын мыйзамдуу жүрүшүн көзөмөлдөөчү башкармалыктын жетекчиси Азиз Абылгазиевдин жубайы - дарыгер деп белгиленген.

Май айынын башында Бишкекте криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин кылмыш иши боюнча камакка алынган дарыгер Эмил Макимбетовдун тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышкан.

Митингде онкология бөлүмүнүн дарыгерлери, Макимбетовдун бейтаптары жана алардын ата-энелери катышкан.

Жакында эле «Помогать легко» КФнун башчысы Динара Аляева change.org сайтында президент Сооронбай Жээнбековго даректелген петиция ачып, анда Азиз Батукаевдин ишинде дарыгерлерден негизги күнөөкөрлөр кылбоону суранган.

Буга чейин бул кылмыш иши боюнча 2222013-жылы Батукаевге «ак кан» диагнозун койгон 3 дарыгерди, Эмил Макимбетовду жана лаборант Ирина Цопованы камакка алышкан.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх