Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Мамлекеттик сыйлыктарды алган аткаминерлерге жеңилдиктерди берүүнүн кереги жок

Саясат таануучу Кубат Султанбеков депутаттын идеясын колдостугун билдирип, аймактарда дарыгерлер ардактуу наамга жетиш үчүн 25 жыл эмгек сүрүшөөрүн эскертип өттү

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев 3-5ке чейин мамлекеттик сыйлык алгандарга кошумча жеңилдиктерди ыйгарууну сунуштады. Vesti.kg сайтына берген маегинде парламент өкүлү мындай жарандарга түрткү берүү керектигин белгиледи.

-Мен президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиядан мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгондорго жеңилдиктерди берүүнү сурандым.- Аларга стимул керек.

Ал ортодо Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчысы Жылдыз Сманбаева 2012-жылы сыйлык алгандарга жеңилдетүүлөр коррупция белгилеринин болгондугу үчүн алынып салынган.

«2012-жылга чейин кошумча акылар, жеңилдиктер, персоналдык пенсионер болуу мүмкүндүгү бар эле. Азыр кошумча акы социалдык тармакта иштегендерге: мугалимдерге же артисттерге берилет»,-деди Сманбаева.

Буга жооп катары Рыспаев, жеңилдиктерди мугалимдер менен артисттерге эле эмес, дарыгерлерге да берүү керектигин айтты.

Парламент өкүлүнүн сунушу саясат таануучу Кубат Султанбековдо кайчы пикир жаратты. Биз ага депутаттын бул идеясы боюнча оюн билүү үчүн кайрылган элек. Анын айтымында борбор калаада мамлекеттен сыйлык алуу аймактарга караганда жеңил. Бул Султанбековдун пикиринде акыйкаттыкка каршы келет.

-Аймактарда саламаттыкты сактоонун отличниги наамын алуу үчүн 20-25 жыл бою иштеген дарыгерлердин категориясы бар, - деди эксперт. - Ал эми бийлик структураларында кызмат кылгандар мындай наамга болгону 2-3 жыл иштеп коюп эле ала алышат. Ана бул үчүн жеңилдетүү да алышканы туура эмес болуп калат.



Эльдос Казыбеков

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх