Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министринин кеңешчиси: алсыз эркектерибизге окшоп, Кудайбердиева кызматтан кетип калбайт

Кайрат Осмоналиев КРнын билим берүү министринин статс-катчысы аял-министрдин аркасына жашынбай, отставкага кетиш керек деди

Кыргызстанда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын дарегине айтылган сын пикир улам көбөйүүдө.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламентте анын отставкасын талап кылып жатышса, жөнөкөй жарандар интернеттеги петицияларга кол коюп, социалдык тармактар аркылуу нааразычылыктарын билдиришүүдө.

Бирок, Vesti.kg сайтына билим берүү министринин кеңешчиси Кайрат Осмоналиев Гүлмира Каримовнанын отставкага кетүү ою жок экендигин билдирди.

- Менин оюмча, бул жагдайда кадрдык жана каржы маселелерине жооп берген мекеменин статс-катчычы Жапаркул Ташиев кетиши керек, - деди Кайрат Медербекович. -Эгерде ал эркек болсо, анда аял министрдин аркасына жашынбасын.

Эскерте кетсек, Кудайбердиевага сын-пикирлер мектеп окуу китептериндеги грамматикалык каталардан башталган. Осмоналиев бул жерде министрдин күнөөсү жок деген ойдо.

- Окуу китептери - бул министр Элвира Сариеванын маалында башталган долбоор. Жаңы жетекчи катарны Кудайбердиева жасалып калган ишти кайра буза алмак эмес. Бул менин көз карашым жана түшүнгөнүм боюнча ал дагы ушундай түшүнүктө. Кызматтан кетип калган алсыз эркектерге караганда Кудайбердиеваны танк дивизиясы дагы ордунан кыймылдата албайт. Анткени, анын бул жерде күнөөсү жок. Жоопкерчилик анын эч нерсе билбеген орун басарлары менен статс-катчысынын моюндарында.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх