Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Искендер Матраимов: Биз жооп даярдап жатабыз

Раимбек Матраимовдун бир тууганы «Азаттыктын» видеосюжетинде айтылган акчаны алардын үй-бүлөсү кайдан тапканын айтып берди

«Азаттыктын» журналисттеринин Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлкүнө байланыштуу иликтөөсү коомчулуктун үрөйүн учурду

Басылманын маалыматы боюнча, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун жана ЖКнын депутаты Искендер Матраимовдун үй-бүлөсүнүн 2011-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандан 700 миллион доллардын чыгып кетишине тиешеси бар.

Ал ортодо Раимбектин улуу агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовго Vesti.kg кайрылып, андан видеосюжетте айтылган акчага алардын ү-бүлөсүнүн тиешеси жоктугун уктук.

- Ал товар айландырууда жүргөн акча болчу, - деп түшүндүрдү ал. - Толук маалыматты биз кийинчерээк беребиз. Азыр биз буга жооп даярдап жатабыз.

Мындан сырткары, депутаттын жубайы Минавар Жумаева «Автостолица» жана «Ош Плаза» компанияларына ээлик кылаары, «Ош Плазанын» аталышы менен түштүк калаада «Ихлас» турак жай комплексин куруп жатканы айтылган.

- Фирмалар чындыгында эле ага тийиштүү, - деп муну тастыктады Искендер Исмаилович. - Курулуш боюнча дагы биз кийин толук маалымат беребиз.

«Азаттыкатын» маалыматы боюнча Кыргызстандан миллиондогон акчаны Кытайдын  Айэркин Саймаити аттуу бир жараны которуп турган.

Мындан сырткары, бир тууган Матраимовдордун чек арадагы өткөрмө пункттарында гы жүк ташууга дагы көзөмөлдүк кылаары да айтылган.



 

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх