Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрлик кызматка келген Эркинбек Чодуевдун мурдагы шефи анын кандай иштегенин айтып берди

Нурбек Мурашев өзүнүн орун басарына «сын айтып калчумун» деди

Айыл чарба министрлигин башчылыгына жаңы келген Эркинбек Чодуев айыл чарба тармагында реформаларды жасап, мекемеде толуп кеткен көйгөйлөрдү чечүүгө дарамети жетет. Мындай оюн Vesti.kg сайтына Чодуев убагында орун басары болуп иштеген мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев билдирди.

- Албетте, анын колунан келет, анын абдан чоң тажрыйбасы бар, - деди Мурашев. - Эркинбек Урайымович 5 жыл министрдин орун басарлыгында эмгектенип, эксперттик блогду көзөмөлдөчү. Ал өзүн жакшы көрсөтө алат деп ишенем.

Нурбек Мурпазылжанович Чодуев менен чогуу иштешкен маалда экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр болбогонун, бирок, жаңы министрге убагында сын деле айтып калганын кошумчалады.


- Сын албетте айтылчу, бул тармакта дайыма плюс менен минустар бошлот. Бирок, Чодуев мыкты кызматкер болчу, - деп белгиледи ал.

Нурбек Мурашев 24-майда айыл чарба министри кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Мындан ары ал дыйканчылык менен алектенүгө ниет кылууда.

- Мен 2004-жылдан бери өзүмдүн дыйканчылык чарбамды иштетем, - деди ал. Пахта айдайбыз. Ошондой эле мен мал чарбачылыгы менен дагы алектенем.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх