Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

МСК: Матраимовдордун фонду чыгымдарды тартканы үчүн, кириш салыгын төлөөгө милдетүү эмес

Салык кызматынын башчысын чочуткан депутат Бекешовдун суроосуна жооп

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун кечээ жакында болуп өткөн спорт мелдешинде Матраимовдордун фондунан алынган сыйлыктарга кириш салыгынын төлөмү тууралу берген суроосуна Мамлекеттик салык кызматы жооп берди

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 165-беренесине ылайык, утуштар катары алынган кирешенин кандай гана түрү болбосун физикалык жактын (жарандын) жылдык жалпы кирешесинин курамына киргизилет, - деп түшүндүрүштү Vesti.kgге МСК басма сөз кызматынан. - Салык кодексинин 175-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын берип жаткан күнгө чейин утуштан алынган кириш салыгын төлөйт жана толук эсептешүү жүргүзөт. Белгилей кетүүчү нерсе, КР СК 87-беренесине ылайык, салык төлөөчү салыкты өзүнчө төлөйт. Бул учурда Матраимовдордун фонду уюштурган иш-чарага катышкан жарандар жана алардан утушка ээ болгондор 2020-жылдын 1-апрелине чейин утуштан алынган кириш салыгын өздөрү төлөшү керек, же болбосо, БСД тапшырганга чейин (бул иш-чаранын быйыл өткөрүлгөнүн эске алуу менен)

Андан сырткары, МСК белгилегендей, Матраимовдордун фонду кириш салыгын төлөөгө милдеттүү эмес, себеби, алар тескерисинче чыгымдарды тартышкан.

-БСДны берүү жана толтуруу тартиптерине ылайык салык төлөөчүлөр, анын ичинде жогоруда көрсөтүлгөн Матраимовдордун фондунан утушка ээ болгон физикалык жактар жылдын жыйынтыгы боюнча декларацияны толтурушат, -деп улантышты МСКнын басма сөз кызматынан. - Андан кийин 2020-жылы салык кызматынын органдарына тапшырышат. Матраимовдордун фонду кириш салыгын төлөгөнгө милдеттүү эмес, себеби, алар киреше албастан, чыгым тартышты.

Эскерте кетсек, мурда Vesti.kg билдиргендей, жакында ЖК депутаты Дастан Бекешов өзүнүн социалдык түйүндөгү Twitter баракчасына 28-май күнү болгон ифтарда МСКнын төрагасы Теңизбек Абжапаровго төмөндөгудөй суроо бергенин жазган: "Матараимовдордун фондунан берилген утуштардан кириш салыгы төлөнгөнбү?". Берилген суроо, парламентарий өзү белгилегендей, Салык кызматынын башчысын чочуткандай түр көрсөткөн.



Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх