Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кылычбек Султан: «Супер-Инфонун» редакциясы менин досумдун бизнес борборуна көчтү. Раимдин буга тиешеси жок

Мурдагы элчи басылма эч кимге сатылбаганын билдирди

«Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү, мурдагы элчи Кылычбек Султан «Азаттыктын» журналисттеринин «гезит Раимбек Матраимовго сатылды» деген маалыматын төгүндөдү.

«Super.kg» малымат порталына берген маегинде ал редакциянын кеңсеси эмнеден жаңы дарекке көчкөнүн жана ага бийлик кандай «сюрприздерди» жасаганын айтып берди.

Гезиттин «Раим миллионго» сатылышы туурасында

«Акыркы маалда кээ бир кызыкдар тараптар «Супер-Инфо» гезитинин тегерегинде жүрүп жаткан ушактарды таратуунун үстүндө кызуу иштеп жатышат. Мен мунун үстүндө айрым саясатчылар менен ЖМКлар тургандыгын жакшы билем. Бул сөздөр редакциянын жаңы кеңсеге көчүшүнөн башталды. Биз 17 жылда 10дой жолу дарек алмаштырганбыз. Ачык айта турган болсок, гезит сатылган жок. Раимбек Матраимовдун «Супер-Инфо» гезитине эч кандай тиешеси жок », - деди Кылычбек Султан.

Мурдагы дипломат, редакция көчүп барган «Эльдорадо» бизнес борбору анын досуна таандык экенин кошумчалады.

Ошондой эле ал Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызматынан кийин мекенине кайтып келүүдө эмнелерге туш болгонун айтып берди.

«Чет өлкөдө жүргөндө мен бийликтин мага каршы чагым кылып, камакка алуу ниеттери жөнүндө уктум. 2018-жылдын ноябрында, элчиликтен түшкөнүмө бир ай болгондон кийин мен өлкөгө кайтмакчы болдум. Үй-бүлөм менен коштошуп, 2 жаштагы кызымды экинчи көрбөчүдөй кучактап жаттым. Учак Бишкекке конгондо мен бекер эле коркуптурмун деп, тескерисинче, менде чоң кубаныч сезими болду. Паспорттук көзөмөлдү эч бир тоскоолдуксуз өткөнүм мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго болгон менин нааразычылыгымда азайта түштү окшойт. Мен туш болгон акыйкатсыздыкка президент чекит коет деген үүзүлбөгөн үмүт кайра пайда болду менде» - дейт Султан.

Экс-элчи өлкө бийлигинин чагымчыл аракеттерине моралдык жактан даяр болгондугун белгиледи.

«Башында эч кандай белгилер болгон жок. Бирок, биринчи «сюрпризге» мен үй-бүлөм менен жаңы жылды тосуу үчүн Малайзияга учуп барганда туш болдум. Мени башында сонун эле тосуп алган «Манас» аэпортунун кызматкери менин паспортумду текшерип өңү өзгөрүп кетти. Ошондо мен «кара тизмеге» түшкөнүмдү түшүндүм. Ал өзүнүн жетекчилигине телефон чала баштады. Паспортумду белгисиз жакка алып кетип калышты. Бир аздан кийин чек араны басып өтүүгө макулдук беришти», - деп эскерди ал.

Кылычбек Султандын айтымында мындай окуя ал өлкө аймагынан чыгып, кайра кирген сайын катталчу

Сөзүнүн жыйынтыгында гезиттин ээси каржы полициясынын ага көрсөткөн кысымын жана алар соттон жеңил алгандыгы жөнүндө дагы айтып берди.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх