Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эрназар Иманкадыр уулу:"КТ Мобайлды" өкмөт башчысынын туугандары менен аралаштырууну токтотуу максатында 787 миң сомду кайтарып берүүнү чечтим

 Анын бул чечимин туугандары жана алардын ичинде Абылгазиевдин өзү дагы колдоду, -деп белгиледи ал

"КТ Мобайл«» ЖЧК директорунун мурдагы орун басары, Иманкадыр Рысалиевдин уулу - Эрназар Иманкадыр уулу - коомчулукка компанияда иштеген мезгил ичиндеги алган 787 миң сом өлчөмүндөгү айлык маянасын кайтарып бере тургандыгын билдирди. Бул жөнүндө ал өзүнүн социалдык түйүндөгү Facebook баракчасында билдирди.

- Элдердин "КТ Мобайл" долбоорун өкмөт башчынын туугандары жана жогору айлык акы менен аралаштырбоо максатында бул чечимди кабыл алдым,- деп түшүндүрдү ал, Vesti.kg сайты менен аңгемелешүүдө. - Бардыгы долбоорду такыр "унутушкандай«» болуп жатат. Адамдар мен үчүн гана долбоорго тескери мамиле жасашты. Мен "САЛАМдын" -эң мыкты долбоор экендигин билемин. Ал иштеши керек. Кыргызстандын өзүнүн улуттук уюлдук оператору пайда болушу шарт. Биринчи кезекте компаниядан кетүүнү туура көрдүм. Азыр бардык иштеген мезгил ичиндеги алган айлык маянамды толук кайтарып бердим. Эсеп Палатасы компанияны текшерип чыкты. Бардык көрсөткүчтөрүбүз тең келип жатат. Эч кандай уурдап алуу болгон эмес. Болгону, бир гана алар койо турган суроо, - бул жетекчиликтин жогору айлык маяналары болушу мүмкүн. Нурбектин "0«» сом алганын эске алсак, эң жогору айлык акы менде болгон болот (157 миң сом). Менин туугандарым, менин атам жана алардын ичинде Мухаммедкалый Дүйшөкеевич дагы мени колдошту. Аталган чечимди мен өзүм кабыл алдым жана эч ким менен макулдашкан жокмун.

Эскерте кетсек, жакында өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Эрназар Иманкадыр уулу "КТ Мобайл" ЖЧКсынын директорунун орун басары кызматынан компаниянын кызматкерлеринин жогорку айлык акылары тууралу чыккан чырдан кийин бошотулган.

 

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх