Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Матраимовдун мүлкү тууралу "Азаттыктын" видеосюжетинде көрсөтүлгөн фактыларды ЭКККМК (Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы) изилдейт

 Журналистик изилдөөлөрдө көрсөтүлгөн фактылардын мындан мурда эле аларга белгилүү болгон болбогондугу тууралу "Финполдон" жооп ала албадык

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) "Азаттык" МА кабарчысынын видеоматериалында көрсөтүлгөн фактыларды изилдейт. Бул тууралу Vesti.kg сайтына мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

- ЭКККМК "Азаттык" МАнин кабарчысынын видеоматериалында көрсөтүлгөн фактыларды изилдейт, -деп билдиришти алар. - "Финполго" бул фактылар жөнүндө мурда белгилүү болгонбу же жокпу тергөө эч нерсе дей элек. Сотко чейинки текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматты кошумча билдиребиз.

Эскерте кетсек, мурда Vesti.kg сайтында "Азаттыктын" журналистеринин Матраимовдордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлктөрүнө тиешелүү иликтөөлөрү коомчулуктун көңүлүн өзгөчө бургандыгы тууралу берилген болчу. Басылманын маалыматы боюнча, МБКнын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун үй-бүлөсүнүн Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион долларга кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар экендиги айтылат. Анын ортосунда Раимбектин улуу агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Vesti.kg сайтына видеосюжетте көрсөтүлгөн акчалар товар жүгүртүүдөн түшкөнүнө ишендирди. Ал алардын үй-бүлөсү жооп даярдап жаткандыгын билдирди.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх