Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси болду

Кыргызстандык спортчу 13 жыл ичиндеги биринчи олимпиадалык медалды алып келди

Грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси болду.

Финалда Махмудов венгриялык Тамаш Лоринец менен беттешти. Кыргызстандык спортчу кармашта 2: 1 эсебинде жеңилип калды.

Эске салсак, биринчи беттешинде ал Тунистин спортчусу Маафи Лажед менен кармашып, 11: 0 эсебинде жеңишке жеткен.

Чейрек финалда Махмудов азербайжандык Рафиг Гусейнов менен беттешип, 9: 1 эсеби менен жеңишке жетти.

Жарым финалда кыргызстандык Армениянын спортчусу Карапет Чалянды 6: 1 эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, акыркы жолу Кыргызстандын спортчулары 2008-жылы Олимпиада оюндарынын байге ээлери болушкан.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх