Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Юрист: Аскар Акаевдин келиши - бул калктын аңсезимин Курманбек Бакиевдин келишине даярдоо

Замир Жоошев Курманбек Бакиев кайтып келгенден кийин ага карата сот өкүмдөрү жокко чыгарылат деп эсептейт
Юрист Замир Жоошев экс -президент Аскар Акаевдин келиши Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга кайтып келишине элди даярдап жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал Facebook баракчасында бөлүштү.

Адвокаттын айтымында, эгер Бакиев өлкөгө кайтып келсе, ага карата сот өкүмдөрү жокко чыгарылат.
 
"Менин пикирим, божомолум...
Аскар Акаевдин келиши - бул калктын аңсезимин Курманбек Бакиевдин келишине даярдоо. Акаевтен кийин адамдар Бакиевтин келишине да даяр болуп калышат. Бакиев келет жана ага карата чыккан соттук өкүмдөрү тезинен жокко чыгат", - деп жазган Жоошев.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх